Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык Казак- Түрк университети өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык Казак- Түрк университети өкүлдөрү менен жолугушуу өттү Түрк университеттер биримдигинин мүчөсү, Казакстандын Түркистан шаарында жайгашкан Ахмет Яссеви университетинин өкүлдөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келишти. Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Ахмет Яссеви университетинин проректору, профессор Мехмет Куталмыш баштаган делегация мүчөлөрү КТМУнун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуу жыйынына КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректорлор, профессор Хусейин ϴгүт, профессор Анварбек Мокеев жана Түрк университеттер биримдигинин ( ТҮРКУНИВ ) мезгилдүү координатору, доцент Юнус Эмре катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКУНИВдин буга чейинки аткарылган иштери боюнча маалымат берилди. Андан соң үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ахмет Ясави университетинде өтө турган ТҮРКУНИВдин жалпы жыйынынын даярдыктары тууралуу маалымат айтылды. Жолугушуудан кийин делегация мүчөлөрү университеттин окуу бөлүмдөрүн кыдырып, өз ара пикир алышты.