ТҮРКУНИВдин Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында КТМУда Түрк кеңешине караштуу Түрк дүйнөсү университеттер ассоциациясынын жолугушуу жыйыны болуп өттү. Ага ТҮРКУНИВдин төрагасы, ректор Себахаттин Балжы, Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу жайдын проректору, професор Анварбек Мокеев, проректор, профессор Хусейин ϴгүт, Түрк кеңешинин координатору жана МАУБ координатору Юнус Эмре Гүрбүз, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков, К.Карасаев атындагы БГУнун проректору Учкун Байсубанов, Кыргызстан Эл аралык университетинин ректору Асылбек Айдаралиев, проректору Баатырбек Акылбеков, Ош мамлекеттик университетинин проректору Абдыганы Абдувалиев жана ТҮРКУНИВ студенттик кеңешинин өкүлдөрү да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын проректору, професор Анварбек Мокеев ТҮРКУНИВ дин б үгүнкү күнгө чейин аткарган иш-аракеттери, Болонья процессине тиешелүү Түрк кеңешинин баш катчылыгы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, ТҮРКУНИВ студенттик кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдер, 2016-2018-жылдарында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кезектеги төрага учурунда ишке ашырылган иш-чаралар, биринчи спорт оюндары, Орхон процесси, Орхон мобилдүүлүк программасынын пилоттук долбоору жана анын алкагында колдоно турган шарттары, ошондой эле 2017-2018-окуу жылында программага катышкан университеттердин жана студенттердин саны туралуу отчеттук маалымат берди. Мындан сырткары ассоцациянын мезгилдүү төрагалыгы учурунда Орхон процесси ишке ашканын жана бул процесстин алкагында окуу программалары, сабактар жана алардын кредиттеринин бири-бири менен шайкештиги жөнгө салынганын айтты. Ал эми ассоциациянын логотиби менен веб-сайтынын ( www.turkunib.org ) түзүлүшү тууралуу ТҮРКУНИВ дин төрагасы, ректор, профессор Себахаттин Балжы кененирээк маалымат берип, ассоциацияга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн тилдеринде да байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ректор аталган ассоцация жөн эле түзүлгөн биримдик эмес экенин эске салып, 2013-жылы түзүлгөн ассоцацияга чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөнүн жана бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер менен эле токтоп калбай, дагы талыкпай эмгектенип бул процессти ылдамдатуу керектигин белгилеп өттү. Ректордун айтуусунда ТҮРКУНИВдин студенттик кеңеши Стамбул жана Бишкек шаарларында жыйын өткөрүшүп, Түркияда Евразия жогорку билим берүү саммитинде да таанытышкан. Жыйында Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясына мүчө университеттердин өкүлдөрү да ЖОЖдун өкүлдөрүнө ийгилик каалап, мындан ары да биримдикке активдүү катыша тургандыктарын билдирди. Ошондой эле ТҮРКУНИВ студенттик кеңешинин өкүлдөрү да өз ойлорун айтышты. Жолугушуунун соңунда ТҮРКУНИВге мүчө болгон унверситеттердин өкүлдөрү биримдиктин кийинки 3-Башкы кеңешине даярдыктар боюнча сүйлөшүштү.