Түрк университеттер Ассоциясынын Кыргызстандагы мүчөлөрү жолугушту

2017-жылдын 15-февралында университетте Түрк Кеӊеши Түрк университеттер Ассоциясынын Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу окуу жайдын ректору жана Түрк университеттер Ассоциясынын төрагасы, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде өттү. Жолугушууга КТМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор А.Мокеев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Ч.Адамкулова, К.Карасаев атындагы БГУнун проректору У.Байсубанов жана Экономика факультетинин деканы Я.Даутов, Кыргыз Эл аралык университетинин президенти А.Айдаралиев жана проректору Т.Акылбекова катышты. Жыйында Түрк Кеӊеши Түрк университеттер Ассоциясынын максаты, жобосу, логосу тууралуу маалымат берилгенден соң окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Түрк университеттер Ассоциясынын иши жана Түркиядагы өткөрүлгөн жыйындары тууралуу айтып: «Түрк дүйнөсүнүн билим берүү тармагында көрсөткөн кызматтарыбызды өнүктүрүп, Орхон процессине олуттуу салымыбызды кошо берели»,- деди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк Кеӊеши Түрк университеттер Ассоциясынын (www.turkunib.org) веб-сайты менен таанышуу, мүчө университеттерде Болонья процесси боюнча Түрк Кеӊеши катчылыгы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө ишинин жыйынтыктары, Түрк Кеӊеши Түрк университеттер Ассоциясынын мүчөлөрү арасында Орхон процесси алкагында жүргүзүлө турган биринчи пилоттук программа туралуу маалымат берилип, «Биринчи Түрк университеттеринин Спорт оюндарын» өткөрүү маселеси талкууга алынды жана жыйындын катышуучулары өздөрүнүн ой-пикирлери, сунуштары менен бөлүшүп, бир добуштан колдоорун билдиришти.